www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылындагы орто мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү Жазы айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде Кызыл-Тоо орто мектебинин имаратынын учурдагы техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлдү. Адистер долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып имараттын абалын изилдеди. Ошондой эле имараттын негизги конструкциялары каралып, керектүү чиймелер түзүлдү.
Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.