www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында Ош көчөсүн капиталдык реконструкциялоо долбоору ишке ашырылат.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда жумушчу топ жолду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объекттерди аныктап, жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Долбоордун алкагында Ош көчөсү Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет.

Ошондой эле бул жол Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча альтернативдүү каттам катары пайдаланылары белгиленди.

Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт. Реконструкциядан кийин анын туурасы 24 метрге чейин кеңейип, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар уюштурулат.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, долбоор жол кыймылын жеңилдетүүгө, унаа тыгындарын азайтууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Последние новости