www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Ош базарынын аймагында коомдук жайда эки эркектин ортосунда жаңжал чыгып, мушташка айланган учур тартылган видео боюнча Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан окуянын катышуучуларынын өздүгү аныкталды. Алар 1969-жылы туулган Б.К. жана 1977-жылы туулган М.Т. болуп, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.
Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Топтолгон материалдар мыйзам талаптарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
"Ошону менен бирге ички иштер органдары жаңжалдын күчөшүнө түрткү бере турган аракеттерге жол берилбеши керектигине жарандардын көңүлүн бурат. Тараган видеодо видеого тартып жаткан адам укук бузуунун алдын алуу жана болгон окуя тууралуу ички иштер органдарына өз убагында билдирүүнүн ордуна, айткан сөздөрү менен мушташтын уланышына түрткү берип жаткандыгы байкалат", - деп айтылат маалыматта.