www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык журналисттер жасалма интеллект жана жаңы технологиялар багытында казакстандык медиа адистери менен кызматташууну өнүктүрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы, 7-каналдын башкы директору Илязбек Балташев билдирди.

Ал Астанада өткөн «Astana Media Week 2026» эл аралык форумуна катышып, «AI, IT & MEDIA: жоопкерчиликтин чеги» аттуу панелдик талкууда сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Швейцариянын медиа өкүлдөрү журналистикада жасалма интеллектти колдонуу, маалыматтын ишенимдүүлүгүн камсыздоо, автордук укуктарды коргоо жана журналисттердин жоопкерчилиги маселелерин талкуулашты.

Илязбек Балташев Борбор Азия өлкөлөрүнүн медиа өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу маанилүү экенин белгилеп, казакстандык жасалма интеллект адистерин Бишкекке чакырууну сунуштады. Демилгенин алкагында алар кыргызстандык медиа кызматкерлери менен өз тажрыйбаларын бөлүшө алышат.

Кызматташуунун негизги багыттары катары кыргыз жана казак тилдериндеги санариптик ресурстарды өнүктүрүү, жасалма интеллектти колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу жана медиа тармагы үчүн тиешелүү адистерди даярдоо белгиленди.

Белгилей кетсек, жасалма интеллект журналистиканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен катар маалыматтын тактыгын текшерүү, автордук укуктарды сактоо жана аудиториянын ишенимин камсыздоо маселелерин да актуалдаштырууда.

Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу медиа тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы технологияларды жоопкерчиликтүү колдонууга багытталган демилгелерди колдойт.

Последние новости