www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда орусиялык рэпер Наваи Бакиров (Navai) баңгизаттарды аткезчилик менен ташууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Жамбыл облусунун полиция департаментинен билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, рэпер 13-октябрда «Кордай» чек ара пунктунда Казакстанга кирип келе жаткан учурда кармалган.
12-октябрда рэпердин Бишкекте концерти болгон.
Ырчы бараткан унааны текшерүү учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери баңгизат табышкан.
«Баңгизаттарды аткезчилик менен ташууга аракет кылуу шеги менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Башка маалыматтар ачыкка чыгарылбайт», - деп билдиришти полициядан.
14-октябрга карата Navai’нин Астанада концерти пландалган болчу.
Наваи Бакиров — HammAli & Navai дуэти аркылуу белгилүү болгон азербайжан улутундагы орусиялык ырчы.