www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын маалыматына караганда, Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик менен болгон жолугушууда эки шаардын ортосундагы аба байланышын түзүү, жүргүнчү жана жүк ташууларды өнүктүрүү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.

Жолугушуудан кийин Манасбек Самидинов Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен тааныштырып, анын модернизацияланган инфраструктурасы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Кийинки этапта Кыргызстандын делегациясы Прага эл аралык аэропортуна иш сапары менен барууну пландоодо. Анда Бишкек — Прага багыты боюнча түз аба каттамын ачуу боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишүү максатында сүйлөшүүлөр улантылат.

Азырынча түз каттамдын ачылуу мөөнөтү тууралуу маалымат бериле элек.

Последние новости