www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы Ош базарында кошумча арзандатылган эт сатуу пунктун ачты. Анда эттин баасы килограммына 660 сомдон ашырылбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, күн мурун Бишкек мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы борбордогу Аламүдүн жана Ош базарларына рейддерди өткөрүшкөн.

Рейддин жүрүшүндө эттин баасына коюлган чектөөлөрдү так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүп, бааны негизсиз көтөргөндөргө мыйзам чегинде чара колдонулары эскертилген.

"Бул иш-чаралар Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн “Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” буйругунун негизинде аткарылууда",- деп белгиленет маалыматта.

Последние новости