www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын бензин, дизелдик отун жана авиациялык керосин экспорттоосуна киргизген тыюусу Кыргызстанга да таасирин тийгизет. Бул тууралуу ЖМКга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу материалдарды алымсыз импорттоо маселесин ыкчам тартипте карап чыккан. Учурда колдонулуп жаткан механизмдин мөөнөтү узартылып, бардык зарыл чечимдер расмий түрдө даярдалып жатат.

«Бул маселе ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн алкагында макулдашылган», — деди Амангелдиев.

Буга чейин Орусия бензин жана авиациялык керосин экспорттоого толук тыюу салганы маалымдалган.
Биринчи вице-премьер өлкөдөгү күйүүчү май рыногунда абал туруктуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, Министрлер кабинети бензин, дизелдик отун жана авиациялык керосин тартыштыгын болтурбоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Последние новости