www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Унаа уурдоого шектелгендер кармалды, деп билдирди 9-октябрда Биринчи Май райондук милициясы.
26-сентябрда милицияга Бишкектин тургуну кайрылган. Анын айтымында, 25-сентябрда түндө саат он бирлер чамасында Васильев көчөсүндө токтотулган «Мерседес-Бенц Е210» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.
Бул факты КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталды.
Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүүлөр катары 1997-жылы туулган Т.Б. жана 1997-жылы туулган М.А.ны кармашты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Унаа Жалал-Абад облусунан табылган.