www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия күйүүчү майды чет өлкөлөрдөн импорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, эгер баа боюнча макулдашуу болсо, Москва мунай продукциясын сырттан сатып алууга даяр.
Анын айтымында, бул ички рынокту турукташтырып, күйүүчү майга болгон жогорку суроо-талапты жөнгө салууга жардам берет. Бирок импорт кайсы өлкөлөрдөн жүргүзүлөрү такталган жок.
Буга чейин Reuters агенттиги Орусия Казакстандан 50 миң тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган. Бирок Казакстандын бийлиги мындай маалыматты четке каккан.
Маалыматтарга ылайык, быйыл Орусияда бензин өндүрүшү өткөн жылга салыштырмалуу болжол менен 25% кыскарган. Мунун фонунда өлкө күйүүчү май экспортун чектеп, импорт маселесин карап жатканы айтылууда.