www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-июлдан тартып Кыргызстанда лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга айып пул салына баштайт.
Жаңы талапка ылайык, жүргүнчү ташуу менен лицензиясы бар айдоочулар гана алектене алышат. Лицензиясыз такси кызматын көрсөткөн жеке жактарга 7 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган.
Такси айдоочулары лицензияны Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнөн ала алышат. Анын баасы жеке жактар үчүн 500 сом, юридикалык жактар үчүн 1000 сом.
Мындан тышкары, лицензиясы жок айдоочуларга Telegram, социалдык тармактар жана башка платформалар аркылуу кардар тартууга да тыюу салынат. Ошондой эле жүргүнчү ташууда оң рулдуу автоунааларды колдонууга жол берилбейт.