www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18–28-июнь күндөрү Өзгөн районунун аймагында “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жарандар арасында ок атуучу куралдарды коопсуз сактоо эрежелерин түшүндүрүү, ошондой эле жеке күзөт уюмдарындагы куралдардын жана уруксат кагаздарынын мөөнөттөрүн жана сактоо шарттарын текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйынтыгында Өзгөн районунун 4 жараны өздөрүнө таандык 4 даана сайсыз ок атуучу куралды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырышты.

Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган 4 жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133 жана 134-беренелеринин негизинде протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.

Ош ОИИБ жарандарга мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен милицияга тапшыруу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертет.

Последние новости