www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга каршы санкциялык чектөөлөр Евробиримдиктин «жанкечтилигине алып келет». Мындай пикирин Daily Express гезити билдирди.

Generation Frexit кыймылынын лидери Чарльз-Анри Галлуанын айтымында, «санкциялар согушу» токтотулушу керек, антпесе «Европа континенти тарыхтагы эң ири финансылык кризиске дуушар болуу коркунучу бар».

Галлуа инфляция 8,9% га чейин секирип, европалык валюта «20 жылда биринчи жолу долларга карата паритетке түшкөнүн» эскерет. Анын айтымында, евроаймак өлкөлөрүндөгү рецессия ачыкка чыгып, антиорусиялык санкциялар Евробиримдикке зыянын тийгизүүдө.

Кыймылдын лидери ошондой эле кээ бир Европа өлкөлөрү, анын ичинде Германия жана Италия орус газына абдан көз каранды экенине жана Орусия анын маанилүү мунай берүүчүсү болгондуктан Франция да жапа чегиши мүмкүн экендигине көңүл бурду.

«Азыр биз бир эле күйүүчү майды Индия жана Сауд Арабия аркылуу сатып алабыз, бирок үстөк акы менен, евронун түшүшү менен ал дагы кымбаттап кетти. Бул абдан эки жүздүүлүк: биз мындай жол менен орусиялык энергия ташуучуларды алмаштыра албайбыз, жада калса техникабыз да жок», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости