www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык New York Post гезитинин окурмандары Украинанын президенти Владимир Зеленский менен америкалык актриса Жессика Честейндин 7-августта өткөн жолугушуусун сынга алышты.

Буга чейин украин президенти өзүнүн Telegram каналында Голливуд актрисасы менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

«Зеленский курал-жарак жана адам сатуу, арам акчаны адалдоо менен алектенип жатканына карабастан, анын дүйнөнүн ар тарабынан келген белгилүү адамдар менен жолугушууга убактысы бар», — деп жазган басылманын окурмандарынын бири.

Дагы бир комментатор украин лидери «согуш жүрүп жаткан аймакта актрисаларды көңүл ачуу менен алек» болуп жатканда, эмне үчүн биз америкалыктар Зеленскийге салыктарыбыздан «миллиарддаган долларларды жөнөтүп жатабыз» деп кызыкты.

«Мен башка тарапка өтүп жатам. Орусияга каршы бардык санкцияларды алып салгыла жана Украинаны сүйлөшүү үстөлүнө отурууга мажбурлагыла», - деп белгиледи дагы бир серепчи.

Дагы бир окурман Зеленскийдин «белгилүү адамдар менен жолугушуудан да маанилүүрөөк иштери барбы» деп сурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости