www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы “Алтын казына” тойканасынын эки кызматкери 17 жаштагы кызга уктатуучу дары берип, аны мейманканага алып барып зордукташкан. Бул тууралуу “Бишкек 24” маалымат агенттигине кыздын жакындары билдирген.

Алардын айтымында, кечээ, 7-август күнү Аламүдүн РИИБи окуяга шектелген 2 жаранды бошотуп жиберген. Кармалгандар аталган кафенин администрациясында иштешет.

Ал эми биз маалыматты тактоо үчүн Чүй ОИИББинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

“Бул окуя боюнча кыз жана анын ата-энеси келип арыз жазып кетишти. Учурда медициналык экспертиза дайындалды. Азыр кылмыш тастыкталып же четке кагыла элек. Жыйынтыкты күтүп жатабыз. Эгер ал тастыкталса, кылмышка юридикалык баа берилет. Азырынча биз шектүүлөрдү кармоого укугубуз жок. Эгерде кылмыш тастыкталса анда чара көрүлөт”, – деп билдиришти облустук милициядан.

Последние новости