www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, жаңы чаралар салыкты мыйзамдуу төлөгөн ишкерлердин эркин иштөөсүнө шарт түзүп, жасалма компаниялар жана салыктык алдамчылык менен күрөшүүгө багытталган.

Жарлыкка ылайык, ишкерлердин укуктарынын сакталышына прокурордук көзөмөл күчөтүлүп, адамдын макулдугусуз анын атына ишкана каттоого тыюу салуу мүмкүнчүлүгү каралат. Ошондой эле ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн реестри түзүлөт.

Шыкмаматов реестрге киргизүү үчүн мыйзамда белгиленген так негиздер жана далилдер болушу керектигин белгиледи. Өкмөткө тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү үч ай ичинде даярдоо тапшырылды.

Последние новости