www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жети автоунааны күрөөгө коюп, 249 миң АКШ долларын алган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, 2025-жылдын октябрь айынан тартып ишенимине кирген жаран унааларды күрөөгө коюу аркылуу акча алып, кийин байланышсыз жоголуп кеткенин билдирген. Натыйжада арыз ээсине 249 миң долларлык материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция жабырлануучулар же бул иш боюнча маалыматы бар жарандардан 0 (502) 06-06-93 же 102 номерлерине кабарлоону өтүнөт.