www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путинге жолдогон ачык катында сүйлөшүүлөр үчүн Орусияга барууга даяр эместигин билдирген.
«Мен сиз менен жолугушууну сунуштайм. Бирок мен сүйлөшүүлөр үчүн Орусяга барбайм», - деп жазган Киев режиминин башчысы өзүнүн веб-сайтындагы билдирүүсүндө.
Ал жолугушууну үчүнчү өлкөдө өткөрүүгө даяр экенин кошумчалады.
Зеленский өзүнүн кайрылуусунда Орусиянын президентине жолугушуунун так датасын белгилөөнү сунуштап, Швейцария, Түркия жана Араб өлкөлөрү жолугушуу орду катары кызмат кыла аларын белгилеген.
"Украина бул согушту токтотууну сунуштайт. Мындан ары согуштун келип чыкпашына кепилдик болушу керек. Биз учурда АКШ Иран маселесине бардык көңүлүн буруп жатканын көрүп турабыз. Европадагы согушка көңүл буруу үчүн өз кезегин күтүп туруу туура эмес. Украина биз менен сиздин ортоңуздагы согушту токтотууну сунуштайт. Мен жолугушууну сунуштайм", - деп айтылат текстте.
Ал эми, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Украина тарап толук ок атышууну токтотууга даяр, ал эми АКШ ок атышууну көзөмөлдөөгө укуктуу, деп жазды Gazeta.Ru.