www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүүгө, мыйзамдардын айрым жоболорун тактоого жана үй-бүлөлүк, расымдык иш-чараларды жөнгө салуу боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган.
Документти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев тааныштырды. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип, сунуш-пикирлерин укту.
Талкуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл айыл башчылардын макамын өзгөртүү боюнча сунушталган нормага бурулду. Демилге жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу өкүлдөрүнүн статусун жогорулатууга багытталган.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого ээ болду.