www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-августтан 5-сентябрга чейин Орусиядан Өзбекстанга 96 415 жаран кайтып келген. Алардын 54,9 миңи түз Орусиядан, 41,5 миңи Казакстан аркылуу келген.
Кайтууга Орусиядагы миграциялык саясаттын катаалдашы, кирешелердин өзгөрүшү жана башка өлкөлөрдө жумуш мүмкүнчүлүктөрүнүн көбөйүшү себеп болушу мүмкүн.
Бирок расмий маалыматта кайтып келгендердин баары эмгек мигранттары экени айтылган эмес. Ошондуктан бул мигранттардын Орусиядан массалык түрдө биротоло кетип жатканынын далили катары бааланбайт.
Ошол эле учурда Орусия өзбекстандыктар үчүн негизги эмгек рыногу бойдон калууда, бирок миграциянын багыты Европа жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнө да кеңейип жатат.