www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан БУУнун киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду. Бул тууралуу тиешелүү маалыматта айтылат.
Конвенцияга 22-сентябрда Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында Кыргызстандын атынан Башкы прокурор Малик Бектурганов кол койгон.
Документке кол коюу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөн БУУнун Келишимдик иш-чарасында болгон.
Конвенция БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2024-жылдын 24-декабрында кабыл алынган. Ал киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча БУУнун биринчи универсалдуу эл аралык-укуктук документи болуп саналат.
Документ маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарды алдын алуу жана тергөөдө мамлекеттердин кызматташуусун күчөтүүгө, электрондук далилдерди алуу жана алмашуу механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.
Ошондой эле Конвенция киберкылмыштарды иликтөөдө компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга жана кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Кийинки этапта Конвенцияны ратификациялоо жана анын жоболорун улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболор жүргүзүлөт.