www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөө үчүн нефтетрейдерлерге Элдик банктан каражат алынганын билдирди.
Ал 22-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Ормуз кысыгындагы кырдаалга байланыштуу күйүүчү май кымбаттап кетпеши үчүн алгачкы үч айлык запастар бюджеттен каржыланганын айтты. Кийинки үч айда бюджетте каражат жетишсиз болгондуктан, Элдик банктын насыясы пайдаланылган, анын пайыздары бюджеттен төлөнгөн.
Амангелдиевдин айтымында, бул чара күйүүчү майдын баасын жана инфляцияны көзөмөлдөөгө багытталган.
Депутат Уланбек Жаанбаев «Альфа ойл» компаниясына быйыл 36 млн, былтыр 25 млн доллар бөлүнүшүнүн себебин сурады. Буга чейин Эсептөө палатасы 2025-жылы компанияга берилген 25 млн доллар насыянын мыйзамдуулугу боюнча суроо жараткан.