www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын «Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу экспорттоо боюнча макулдашууга жетишилди.
Бул тууралуу Кыргызстандын тиешелүү органдарынын Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
22-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолугушту.
Жаңы маршрут кыргызстандык дыйкандар жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн дан азыктарын Кытай рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондой эле «Эркештам» өткөрмө пунктуна болгон жүктөмдү азайтып, экспорттук логистиканы жакшыртууга шарт түзөт.
Жолугушууда «Торугарт» өткөрмө пунктунун иштөө режимин узартуу мүмкүнчүлүгү да талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар кыргызстандык айыл чарба продукциясынын Кытай рыногуна чыгышын кеңейтүү боюнча кызматташтыкты улантууну макулдашты.
Жолугушуунун алкагында Кытайга жылкыларды, термикалык иштетүүдөн өткөн кой жана эчки этинен жасалган продукцияларды, ошондой эле жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоону жөнгө салган үч протоколго кол коюлду.