www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда педофил-рецидивисттерди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу мыйзамы күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Telegram-каналына жазды.
Анын айтымында, мындай жаза жашы жете элек балдарды зордуктагандарга же мындай кылмышты бир нече ирет жасаганы үчүн соттолгон адамдарга колдонулат.
"Мисалы, жакында эле 13 жаштагы кызды бир нече жолу зордуктаган педофил 3,5 жылдык жалпы колониядагы режимге кесилди. Ушуну адилеттүүлүк десе болобу? РФ Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренесинин 3-бөлүгүндө 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул педофилдерге жеңил жаза берилип калган биринчи окуя эмес", — деп кайрылган Володин.
Ошондой эле Володин бул мыйзамдын дагы да кемчиликтери бар экенин айтып, толуктоо иштерин улантуу керектигин белгилеген.
Орусия президенти Владимир Путин педофил-рецидивисттерди өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамына 28-январда кол койгон.
Ага ылайык, төмөнкү кылмышка баргандар өмүр бою эркинен ажыратылат:
18 жашка чыга элек балдарды (мурда 14 жашка чейин) кордогон педофил-рецидивисттер;
эки же андан ашык баланы зордуктагандар;
оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирген зордуктоо.
Жашы жете элек балдарды зордуктагандардын жазасын күчөтүү демилгеси өткөн жылдын сентябрында Кемерово облусунун Киселевск шаарындагы трагедиядан кийин көтөрүлгөн. Анда мурда педофилия беренеси менен соттолгон 41 жаштагы Виктор Пестерников 10-класста окуган эки кызды зордуктап, кийин өлтүрүп койгон.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда да жаш балдарды зордуктаган педофилдерди бычып салуу мыйзамын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бир нече ирет сунуш кылган. Бул боюнча ал Президент Садыр Жапаровго да кайрылган.
Булак: NazarNews.kg