www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орхан Инанды дайынсыз жоголгондон жума айлана электе анын аялы Рейхан Инанды күйөөсү Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармалып турганын билдирген. Менин оюмча, бул чындыкка жакын. Анткени, ага чейин Түркиянын атайын кызматтары ар кайсыл өлкөлөрдөн Ф.Гюленге тиешеси бар деп шектелген 100дөн ашык адамды уурдап, Түркияга алып чыгып кетишкендери маалымдалган.
Демек, Орхон Инандынын уурдалып кеткендигине биздин бийликтегилердин, атайын кызматтардын тиешелери жок деп ойлоого негиз бар. Мындай пикирге келишимдин себептери, негиздери эмнеде?
Өнүккөн чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары биздин бийликке да, атайын кызматтарга да ишенишпейт. Эгерде алар алдын ала маалымдап, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерге шылтоолоп, Инандыны кармоодо кызматташууну суранышса, ага кандай жооп болбосун ал тез эле Орхон Инандыга жетерин жакшы түшүнүшөт.
Орустар айткандай, «эскертилген адам - куралданган адам», аны уккан Инанды жоон топ жан сакчыларсыз үйүнөн чыкмак, бейчеки эки жакка басмак эмес. Айрым ММКларда Инанды уурдалардан 10 күндөй мурда Түркиядан атайын машыгуудан өткөн ондон ашык адам келип, алар 3 батирди жалдашып, Орхон Инандынын баскан-турганын аңдый баштагандыгы маалымдалган.
Болжолубузда алар Инандыны аңдып жүрүп, ыгы келери менен кармап, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин жер төлөсүндө кармап турушкан. Ал Түркиянын Кыргызстанга келген коргоо министринин учагында тарыхый ата мекенине чыгарылып кеткен.
Коомчулукту нааразы кылып, ар кандай талаптарды айттырып жатканы – Орхон Инандынын кыргыз жараны экендигинде болууда. Ал күнөө кылса да Кыргызстанда кармалып, ушул жерде соттолушу керек эле.
Бирок, Түркиянын бийлигиндегилер өздөрүнүн саясый, техникалык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, эл аралык нормаларды бузушуп, Инандыны уурдап кеткендиги чектен чыккан жорук экендиги чындык. Прогрессивдүү жарандарыбыздын кыжырлары келип жатканы жөндүү.
Бирок, Түркиянын өкмөтү курал-жарактардан жардам кылып, эгемендүүлүгүбүздү, жерибиздин бүтүндүгүн коргогонго, анан экономикабызды өнүктүргөнгө жардам көрсөтөрүн билдирип жатышса, биздин бийлик эмне кыла алат?
Биз ультиматумдук талаптарды койсок деле Түркия бийлиги Инандыны кайтарып бербейт. Убада кылынган жардамдардан гана кур жалак калуубуз мүмкүн. Кичине өлкөнүн пешенесине жазылгандардын бири ушул экен, буга чыдабагандан башка аргабыз жок.
Булак: NazarNews.kg