www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев деген бар эле. Сооронбай Жээнбеков президент кезинде түкүрүгү жерге түшпөй, “бөрк ал десе, баш алгандардын” бири болгон. Азыр “суудан тайыз, чөптөн жапыз” болуп көзгө илешпей жүргөн чагы.
Негези, жаңы бийликтин келиши менен кыңыр иштерине жооп бере турган мезгили келди деген элек. Тилекке каршы, кылы кыйшайбады. Карга карганын көзүн чукубайт болдубу, айтор, эстеген жан жок. Коомчулукта болсо, кар жаады, из басылды болуп, баары унутта калабы деген пикирлер бүгүнкү күнгө дейре айтылып келе жатат.
Арийне, Опумбаев опулдап, “Ормон опуза” көрсөткөн учурун унутуп калса дагы, эл унутпайт. Эртедир-кечтир, укук, мыйзам деген иштесе, жоопкерчилик маселеси кайрадан калкып чыгаары турган иш.
Демек, азуусун айга жанып турган доор ар дайым болбой турганын, оомат деген оомалуу-төкмөлүү келерин Опумбаевге мыйзам алкагында профилактика өткөрүп коюу парз болчу. Ошондо, эң кур дегенде мыйзамдын укуругу узун экенин, мансап, байлык колдун кири экенин, элдир-селдир эси болсо түшүнмөк.