www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азия биримдиги түзүлөбү?

Ташкенттеги соңку саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара ынтымагын чыңдоого болгон аракети күчөгөнүн көрсөттү. Аймакатагы өлкөлөрдүн лидерлери коопсуздук, туруктуулук жана интеграция маселелерин талкуулап, 2026–2028-жылдарга жаңы күн тартибин бекитишти. Саммиттин эң кызык жагы, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин “ардактуу конок” катары эмес, дээрлик тең укуктуу өнөктөш катары катышканы болду.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары көп учурда бири-бирине каршы келгени айтылып жүрөт. Бирок бүгүнкү эл аралык кырдаал, башкача айткеанда Россия-Украина жаңжалы, АКШ-Кытай тиреши, региондогу жаңы коркунучтар, Борбор Азияны бир үстөлгө кайра отургузууга мажбур кылууда.

Андыктан, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Борбор Азия биримдигин түзүү сунушу, жөн гана символдук демилге эмес. Ал акыркы жылдары өзгөрүп жаткан аймактык динамикага жооп. Албетте, Борбор Азия Евробиримдик болбойт. Себеби, экономикасы, демографиясы, саясий моделдери таптакыр башка. Бирок коопсуздук жана соода боюнча чыныгы, иштеген механизмдерди түзүү реалдуу максат болуп берет.

Айткандай, Бакунун саммитке жогорку деңгээлде катышуусу аймактык архитектуранын кеңейип жатканын көрсөттү. Азербайжан Борбор Азия менен маданий, тилдик жана инфраструктуралык жакындыгы аркылуу өзүнө кошумча геосаясий тирөөч издөөдө. 

Албетте, Борбор Азия бүгүн интеграциянын жаңы баскычынан өтүп жатат. Бул процесс идеологиялык эмес, инфраструктура, транспорт, коопсуздук, соода сыяктуу прагматикалык мүнөздү камтыйт.

Азербайжандын кошулуусу менен C5 форматы келечекте C6 болуп калышы толук мүмкүн. Ал эми Баку үчүн аймактык салмагын арттыруунун жаңы мүмкүнчүлүккө жол ачат.

Последние новости