www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Kav&Kev компаниясынын башчысы кармалды

УКМК тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, "КАВжанаКЕВ" дыйкан чарбасынын башчысы, КР жараны А.В.К. тарабынан КР мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган.

Аталган адам тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан, Алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен. Мындан тышкары, жарактуу мөөнөткө ылайык келбеген мөөнөттөрдү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталган.

2025-жылдын 17-ноябрында "КАВжанКЕВ" дыйкан чарбасынын башчысы А.В.К. кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 379-беренесинин 3-бөлүгүнүн (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыштарын жасаган деген шек менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдик иш-чаралар уланууда

  

Последние новости