www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Опера жана балет театрынын карамагындагы көркөм устакананын имараты учурда жараксыз абалда. Имараттын эскилиги жетип, эксплуатациялык талаптарга жооп бербейт жана пайдаланууга шарттар туура келбейт.
Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун эксперттик корутундусуна ылайык, имарат жер титирөөгө туруштук бере албайт.
Мындан улам көркөм устакананын ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз улантуу жана шарттарын жакшыртуу максатында, эски имараттын ордуна шаар аймагынан башка жер тилкеси бөлүнүп, жаңы имаратты куруу иштери пландалууда.
Ал эми учурдагы эски имарат Финансы министрлигинин балансына өткөрүлүп берилет.