www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлда берген онлайн брифингде коронавирус менен ооруган бейтаптар таба албай, тартыш болуп жаткан дарылардын эки кампасы табылганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал кампаларда пневмония жана коронавирус илдетин дарылоодо эӊ зарыл болгон гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар катылып жаткан. Дарыларды кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын пайда кылган 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Өкмөт башчы коомчулукка кайрылып, кымбат дары саткандар боюнча маалымат берүүгө чакырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости