www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы 3 башка кол салуудан 14 киши каза тапты. Алардын 8и коопсуздук кызматкери болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Газне провинциясынын басма сөз катчысы Вахидулла Жумазада, Чагатуй районундагы Дере-Кыяк аймагындагы жол жээгиндеги бомба жарандарды ташыган унаа өтүп баратканда жарылып, анда 6 жаран каза болуп, 8 жаран жаракат алганын билдирди.

Азырынча кол салууну эч ким мойнуна ала элек.

Дайкунди провинциясынын Пату районундагы полиция бөлүмүнө Талибан согушкерлеринин куралдуу кол салуусунан 4 коопсуздук кызматкери көз жумду.

Дайкунди губернаторлугунун басма сөз катчысы Аббас Камяр, Банд Зиярет айылындагы полиция бекетине кол салуу болуп 2 коопсуздук кызматкери жаракат алганын айтты.

Камяр кол салуудан кийинки кагылышууда 12 согушкер жок кылынганын белгиледи.

Баглан провинциясынын Чешм-и Шир районунда Талибан согушкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда чыккан кагылышуудан 4 аскер курман болуп, 10 коопсуздук кызматкери жаракат алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости