www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү саат 7:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Пионер көчөсүндө аты-жөнү белгисиз эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча Кызыл-Кыя ШИИБине кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барып, маркумду учтуу нерсе менен бир канча жолу сайып, колу бетинде ар түрдүү жарааттар келгенин, ал киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан.

Каза болгон жаран Кызыл-Кыя шаарынын 36 жаштагы тургуну болгон. Кызыл-Кыя ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу өтө оор кылмыштар менен соттолгон 46 жаштагы И.И. аттуу жаранды кармашкан. Ал Токтогул районунда 2019-жылдын сентябрь айынан бери издөөдө жүргөн. Шектүүнү Бишкек шаарына качып бара жаткан жеринен кармашкан.

Учурда жансыз денеге тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости