www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздө коронавирусту жуктургандардын саны 44 кишиге жетти

"Бүгүн, саат 15:00гө карата дагы 2 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Илдеттен жабыркагандардын абалы канааттандыраарлык",- деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 44тү түздү.

Илдет менен жаңы катталгандардын бирөөсү – 1960-жылы туулган эркек киши Бишкек шаарынын тургуну (байланышта болгон), бирөөсү – 1985-жылы туулган эркек киши Чүй облусунун Москва районунун (Дубайден келген) тургундары болушкан.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
⚡ Ош облусунда – 20 учур
⚡ Жалал-Абад облусунда – 19 учур
⚡ Бишкек ш. – 3 учур
⚡ Чүй облусунда – 1 учур
⚡ Баткен облусунда – 1 учур

Эске салсак, Казакстанда 75, Өзбекстанда 55 киши аталган илдет менен катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости