www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттөгүлөр адам өлгөндө иштейби?

Биринчи май районуна караштуу Ак Босого жаңы конушунун Чүй 39 көчөсүндөгү электр зымдары адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Электр зымдары карагайда эмес, чириген таяктарда илинип турганына он жылдын жүзү болуптур.

Жергиликтүү тургундар арызданса эле өзүңөр акча чогултуп, карагай алгыла дешет экен. Бул эмне деген шумдук? Светке 50 сом карыз болсоң өпкөңдү үзүп туруп алышат.

Эмне үчүн электр карагайларын орнотуп беришпейт? Сөзсүз эле кырсык басып жашоочулар токко урунуп өлүш керекпи? Ошондо гана чуркап иштешеби?

Куудулдар айтмакчы, көңүл бурдуруш үчүн өлүш керекпи? Акыркы жылдары шамал да абдан катуу болуп жатат. Тигинтип электр зымдары жерге тийип самсаалап жатса, шамалга туруштук бере албай бир күнү чириген таяктар да сынат же кулайт. Кыскасы Чүй-39 көчөсүнүн тургундарын Кудайым өзү эле сактап жатат.

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости