www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ч. Айтматов проспектисинин И. Ахунбаев көчөсүнөн А. Масалиев проспектисине чейинки жол тилкесине асфальт-бетон катмарын төшөө иштери толугу менен аяктап, жол автоунаалар үчүн пайдаланууга берилди.

Объекттин ачылышына Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Жол тилкесинин жалпы узундугу 1560 метрди түзөт. Кеңейтүүдөн кийин жолдун жалпы туурасы 22,5 метрге жетти. Кеңейтүү иштери эки тарабынан 6 метрден жүргүзүлдү.

Асфальт төшөө иштеринин жүрүшүндө:

• Төмөнкү катмар – 9 см

• Үстүңкү катмар – 6 см

Учурда жер алдындагы өтмөктүн курулушу жана жолдун айланасын көрктөндүрүү иштери активдүү жүрүп жатат.

Ал эми жашылдандыруу иштерин аба ырайынын шарттарына байланыштуу жаз айларына жылдыруу чечими кабыл алынды.

Жол бойлото 62 даана жарыктандыруу лампалары орнотулду.

Последние новости