www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нью-Йорктун жаңы шайланган мэри Зохран Мамдани эгер Нетаньяху келерки жылы Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясына келсе, Эл аралык кылмыш сотунун ордеринин негизинде камакка алынарын дагы бир жолу кайталады.
Бирок бул убада негизинен символикалык деп эсептелет, анткени АКШ Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү эмес жана Трамп мындай аракетке жол бербей турганын билдирген.
Зохран Мамдани буга чейин Нью-Йорктун мэрин шайлоого катыша турганы маалым болгондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Эл аралык кылмыш сотунун ордерине таянып камакка алам деп убада кылган. Бирок Нетаньяху ага карабастан сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясына келген.
“Нью-Йоркко президент Трамп менен бирге барам”, — деп жооп берген анда Нетаньяху Мамданинин билдирүүсүнө. Анын жанында турган Трамп да Израил премьер-министрин колдогон.
2024-жылы бир телеэфирде Мамдани эгер мэр болгондо Нетаньяхуну камакка алмакмын деп айткан. Алып баруучу АКШ Эл аралык кылмыш сотуна мүчө эмес экенин эске салганда, Мамдани федералдык деңгээлде жетишпей жаткан лидерликти шаар деңгээлинде көрсөтүү маанилүү деп эсептерин билдирген.
Май айында Эл аралык кылмыш соту Биньямин Нетаньяху менен Израилдин коргоо министрин камакка алуу ордерин чыгарган. Саясатчылар Газа тилкесиндеги аскердик кылмыштарга шектелүүдө. Израил да, АКШ да Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныбайт.