www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Өмүров:

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, абитуриенттер учурда атайын иштелип жаткан платформага ЖРТ талондору менен катталып, окууга тапшыра алышат.

“Быйылкы жылы ар бир абитуриент үйүнөн эле, Кыргызстандагы бардык окуу жайларына онлайн режимде талондорун каттоодон өткөрө алышат. Окуу жайга тапшыруу 3 турдан турат. Биринчиси 20-25 июлга чейин жүргүзүлөт. Экинчи туру 27-29-июль, ал эми үчүнчү тур 3-5-августка чейин уланат", –  деди Өмүров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости