www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Нидерландда 2014-жылы Малайзиянын «Боинг» учагынын Донбасста кыйрашы боюнча соттук процесс жанданат. Тергөө учак Украинанын Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагынан «Бук» зениттик-ракеталык комплекси менен атылып түшүрүлгөн деген жыйынтык чыгарган. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Бул иштин алкагында төрт кишиге — Орусиянын үч жана Украинанын бир жаранына айып тагылган.

Жараян Гааганын округдук сотунда 9-мартта башталып, угуулар Амстердамдагы соттук комплексте өтүп жатат.

Айыпталуучулардын адвокаттары сотту кийинкиге жылдырууну өтүнүшөрүн билдиришти. Алардын айтымында, коронавируска байланыштуу Нидерландда киргизилген чектөөлөрдөн улам иштин материалдары менен толук тааныша албай, соттолуучулар менен кеңешүү үчүн Орусияга барууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Малайзиянын Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

Орусиянын бийлиги бул кырсыкка тиешеси жок экенин билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости