www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Нурлан Насиптин бир тууган эжеси Элзада Насипбекова өзүнүн Инстаграм баракчасына келини Асель тууралуу пост жазып чыкты.

"Менин эң назик, катуу сүйлөбөгөн, адамга жамандыгы жок эрке келиним. Кагылып кетейин жаным, эки күндөн бери сенин аман болушуңду тиленип отурабыз.

Дарияны куса кылбай, Нурланды томсортпой, кудагыйды ыйлатпай, баарыбыз үчүн көзүңдү ачып мурункудай күлүп чуркап жашоого кайт! Сенин колуңдан далай далай чай ичели...

Үйгө барганда мени менен учурашканында "ммммм эже сооонун жыттанасыз го" деп тосуп алчы элең, дагы далай ошентип тосуп аласың буюруса. Сен өтө күчтүүсүң сага ишенем.

Биз менен кошо дуа кылып тилек кылып аткан баарыңыздарга рахмат! Буйруса баары жакшы болот", - деп жазган Элзада Насипбекова.

Белгилей кетсек, 26-июнда автокырсыкка учурап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Алгач жасалма дем алдыруу аппаратында эле, азыр өзү эле дем алып жатат, бирок эсине келе элек. Буту-колу акырындан кыймылдай баштады, бирок муну мээ башкарган жок. Ошол себептүү дары менен уктатып кармап жатабыз. Кан басымы, жүрөгүнүн согушу кудайга шүгүр, жакшыраак. Негизи абалы оор, бирок туруктуу. Жаңы түшкөн учурга салыштырмалуу кичине жылыш бар", — деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде чоң жол кырсыгы болгон. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган.

4-шаардык ооруканадан ырчы Асель Кадырбекова өтө оор абалда жеткирилген.

Жол кырсыгы 26-июнда саат 15:30 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Одиссей" жана "Тойота Камри" унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган: экөө Honda унаасында, үчүнчүсү-айдоочу Асель Кадырбекова Toyota Camry үлгүсүндөгү унаада болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости