www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нигериядагы террордук чабуулдардан кеминде 23 адам каза болуп, 108 адам жаракат алды. Жардырууларды жанкечти-террорчулар жасаган деп болжолдонууда. Бул тууралуу Борно штатынын полициясы билдиргенин Рейтер агенттиги билдирди.
Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, жарылуулар Майдугури шаарынын үч жеринде - университеттик оорукананын кире беришинде жана эки жергиликтүү базарда болгон. Кол салуулар үчүн азарынча эч бир топ жоопкерчиликти ала элек.
Штаттын губернатору "акыркы учурда кол салуулардын көбөйүшү Самбиса токоюндагы интенсивдүү аскердик операциялар менен тыгыз байланышта" деп билдирди.
Токойдо Нигериядагы экстремисттик топтордун лагерлери жайгашкан. Арасында "Боко Харам" деп аталган эң ири согушчан топ да бар. Анын мүчөлөрү өлкөнүн түндүк бөлүгүндө ислам мамлекетин түзүүнү көздөшөт.