www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол берилбей турганын дагы бир жолу билдирди.
Анын айтымында, Израиль менен АКШнын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында Ирандын өзөктүк объектилерине, ракета өндүрүшүнө жана аскердик инфраструктурасына олуттуу сокку урулган.
«Келишим болобу же болбойбу, Иран бүгүн да, эртең да ядролук куралга ээ болбойт. Мен Израилдин премьер-министри болуп турганда мындай нерсе болбойт», — деди Нетаньяху.
Ошол эле учурда ал Иран жана аймактагы Иранды колдогон күчтөргө каршы күрөш али аяктай электигин белгилеп, Израиль өз коопсуздугун камсыздоо үчүн аракеттерин улантарын айтты.