www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөсү АКШдан алып келген каржылык жардамдан баш тартууну пландап жатканын билдирди.
Бул тууралуу News18 басылмасы маалымдады.
Нетаньяхунун айтымында, АКШдан алынган каржылык колдоо «жумушсуздук боюнча жөлөкпулга» окшош жана ал Израилдин мындай жардамга көз каранды болушун каалабайт.
Премьер-министр Израилдин экономикасы эми «кичинекей экономика» эмес экенин белгилеп, өлкө Вашингтондон алып жаткан колдоого барабар ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) үлүшүн өз күчү менен каржылай аларын айтты.
«Мен бул процесстин ушул жылдан тарта башталышын каалайм», — деп баса белгиледи Биньямин Нетаньяху.