www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021–2025-жылдар аралыгында Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 1100 жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Терроризмге каршы күрөш боюнча төртүнчү жумалыгындагы жыйында билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан 79 бала Кыргызстанга алып келинген.

Ал эми 2022–2024-жылдары «Айкөл» атайын операциясынын алты этабында Сириядагы лагерлерден 470 жаран кайтарылган. Алардын 150ү аялдар, 320сы балдар болгон.

2024–2025-жылдары дагы 551 кыргызстандык өлкөгө жеткирилген.

Адилет Орозбековдун айтымында, мамлекет мекенине кайтып келген жарандардын коомго кайра аралашуусу үчүн зарыл шарттарды түзүп, алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого багытталган иштерди жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, Сирия жана Ирактагы куралдуу жаңжалдарга Кыргызстандан канча адам кеткени тууралуу так расмий сан жок. 2023-жылы тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев аталган өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө болжол менен 200 кыргызстандык аял жана 400дөй бала бар экени аныкталганын билдирген.

Последние новости