www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгына нааразы болгон ата-энелер Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун алдында чогулуш өткөрүштү.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 60ка жакын ата-эне келип, тесттин жыйынтыгына нааразылыгын билдиришкен.
Алардын айтымында, 11 жылдык билим бир эле тесттин жыйынтыгы менен бааланбашы керек.
Айрым ата-энелер ЖРТнын жыйынтыгы адилетсиз чыкканын белгилеп, балдары мектепти “кызыл аттестат” менен бүтүргөнүнө карабастан, төмөн балл алган учурлар болгонун айтышты.
Ошондой эле айрым ата-энелер Жалпы республикалык тестирлөөнү жокко чыгаруу керек деген талаптарын да билдиришти.
Алар балдардын эмгеги жана 11 жылдык окуусу бир гана тест аркылуу бааланбашы керек экенин белгилеп, президентке кайрылуу жасашты.