www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси бир жыл ичинде жалпы 11 миң 386 даана жол белги өндүрүштөн чыгарды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок менен сырдалган 8 миң 271 мамыча боёлуп даярдалды.

Белгилей кетсек, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө. Учурда бир катар Жол тейлөө ишканалары тарабынан эски жол белгилер алынып, жаңы жол белгилер орнотулуп келет.

Последние новости