www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн демилгеси менен негизделген «Астана» аттуу Эл аралык каржы борборунун ачылышына катышты.
Анда Назарбаев борбордун ачылышы «экономиканын ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам» экенин белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, бул борбордун казакстандык модели дүйнөлүк соода аянтчалардын ишмердигинин «эң жакшы практикаларын» камтыды.
«Астана аймактын башкы каржылык хабына» айланышы керек деп эсептеген Назарбаев чет өлкөлүк жана казакстандык бизнести борбордун ишине катышууга чакырды.
Борбор 5-июлда ачылды. 6-июлда болсо Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү, ошондой эле Астана күнү дагы белгиленет. Эл аралык каржы борборун ачуу демилгесин казак лидери 2015-жылы айткан. Борбор 2017-жылы Астанада өткөн EXPO көргөзмөсү үчүн курулган имараттарда жайгашат.
Борборду ачуу үчүн «Эл аралык каржы борбору тууралуу» мыйзам кабыл алынып, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда Эл аралык каржы борбору үчүн өзгөчө юрисдикция каралган.