www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-сентябрда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы өттү.
Иш-чарага ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев, Ички аскерлердин кол башчысы, полковник Дамир Алыбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, мамлекеттик чек араны коргоодо өмүрүн аябаган жоокерлердин эрдиги жана Мекенге болгон берилгендиги кийинки муундар үчүн үлгү экенин белгиледи.
Ал баатырлардын эрдигин эскерүү жана алардын жаркын элесин урматтоо мекенчилдиктин маанилүү көрүнүшү экенин айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев чек арадагы куралдуу кагылышууларга катышкан аскер кызматчыларына Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин элесине таазим этип, алардын эрдигин эскеришти.