www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Башкы прокурору М. Бектурганов Нарын облусунун Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун прокуратураларынын жаңы административдик имараттарын ачты.
Иш-чарада жаңы имараттардын пайдаланууга берилиши прокуратура кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу иш шарттарын түзүп, райондук прокуратуралардын ишин натыйжалуу уюштурууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Ошондой эле жаңы имараттар жарандарды кабыл алуунун сапатын жогорулатууга жана алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтүүгө шарт түзөт.
Маалыматка ылайык, административдик имараттар заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуусу үчүн зарыл шарттар менен камсыздалган.
Мындан тышкары, Башкы прокурор Ат-Башы райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн жаңы курулган кызматтык турак жайды да ачты. Анын пайдаланууга берилиши кызматкерлердин турак жай шарттарын жакшыртууга жана социалдык жактан колдоого багытталган.