www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Канатбек Исаевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен тергөөчүлөргө жана прокурорлорго кайрылышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга «депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат» деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси («Кылмышка даярдануу»), 233-беренеси («Калайман башаламандык») жана 295-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу») менен иш козгогон.
Кечээ Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков бул кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу чечим чыгарды.
Тергөө толук жана калыс өтпөгөнүн айткан адвокаттар ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү кечээ өтүнүшкөн.
Ал эми Исаевге карата ага чейин козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Ал «2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда жемкорлук кылган» деп айыпталып жаткан болчу.
Канатбек Исаев - Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты.