www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште жаш балдары бар соттолгон аялдардын абалы жана аларга жаза өтөөдө берилген шарттар талкууланды.

Депутат Кубанычбек Самаков айрым аялдар балдары менен колонияда жаза өтөп жатканын, ал эми мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага кызы 14 жашка чыкканга чейин жаза аткарууну кийинкиге жылдыруу берилгенин белгиледи.

Ал мындай айырмачылыктын канчалык адилеттүү экенин сурап, балдардын тарбиясына да көңүл бурууга чакырды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева соттун чечимине баа бере албасын билдирди. Депутаттар ошондой эле абактагы оорулуу жана майыптыгы бар аялдардын шарттарын жакшыртуу маселесин көтөрүштү.

Последние новости